- Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жеке маалыматтардын купуялуулук саясаты (мындан ары – Саясат) Кыргыз Республикасынын «Жеке
мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткаруу максатында
иштелип чыккан жана «ЭкоИсламикБанк» ЖАКынын (мындан ары – Кармоочу/Иштеп чыгуучу) жеке
маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана алмашуу боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин
аныктайт.
1.2. Ушул Саясат жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууда, иштеп чыгууда жана
алмашууда анын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга багытталган жана автоматташтырылган
режимде да, ансыз да Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан
жүргүзүлүүчү бардык жеке маалыматтар
операцияларына жайылтылат.
2. Жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана алмашуу максаттары2.1. Жеке маалыматтар Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан төмөнкү максаттарда чогултулат, иштеп чыгылат
жана алмашылат:
-Банктын банктык, финансылык жана башка кызматтарын алуу боюнча консультациялык жардам көрсөтүү;
-Банк менен келишимдерди түзүү жана аларды андан ары колдонуу;
-Банктык кызматтарды алууга сиздин арыздарыңызды жана суроо-талаптарыңызды иштеп чыгуу;
-Банктын жаңы продуктуларын жана кызматтарын жакшыртуу/кеңейтүү/киргизүү үчүн Банк тарабынан
акцияларды, сурамжылоолорду, изилдөөлөрдү, статистикалык маалыматтарды талдоону өткөрүү;
-Банктын жаңы продуктулары жана кызматтары жөнүндө кабарлоо/билдирүү/сунуш/маалымат берүү;
-Банктын алдындагы карыздарды өндүрүп алуу максатында;
-Банктын кызматтарын колдонуу менен байланышкан алдамчылык аракеттерден коргоо;
-ушул Саясатта көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка максаттарда.
3. Жеке маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун жана алмашуунун укуктук негиздери3.1. Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгуусунун укуктук негиздери болуп
төмөнкүлөр саналат:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
-Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамы;
-Кармоочунун/Иштеп чыгуучунун уставдык документтери;
-Кармоочу/Иштеп чыгуучу жана жеке маалыматтар субъектилеринин ортосунда түзүлүүчү келишимдер;
-жеке маалыматтар субъектилеринин жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга жана алмашууга
макулдугу.
4. Жеке маалыматтар субъектилеринин негизги укуктары жана милдеттери4.1. Жеке маалыматтар субъектилери төмөнкүлөргө укуктуу:
-Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан чогултулуучу, иштеп чыгылуучу жана алмашылуучу алардын жеке
маалыматтары жөнүндө толук маалымат алууга;
-Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамында каралган учурлардан
тышкары, алардын жеке маалыматтарын камтыган ар кандай жазуулардын көчүрмөсүн алуу укугун
кошкондо, алардын жеке маалыматтарын алууга;
-эгерде жеке маалыматтар толук эмес, эскирген, так эмес, мыйзамсыз алынган же иштеп чыгуунун
билдирилген максаты үчүн зарыл эмес болсо, алардын жеке маалыматтарын тактоого, бөгөттөөгө же жок
кылууга;
-өз укуктарын коргоо боюнча мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде жеке маалыматтар
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4.2. Жеке маалыматтар субъектилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Кармоочуга/Иштеп чыгуучуга өзү жөнүндө так, ишенимдүү маалыматтарды гана берүүгө;
-иштеп чыгуу максаты үчүн зарыл болгон көлөмдө жеке маалыматтарды камтыган документтерди берүүгө;
-Кармоочуга/Иштеп чыгуучуга өзүнүн жеке маалыматтарын тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү) жөнүндө
билдирүүгө.
5. Кармоочунун/Иштеп чыгуучунун негизги укуктары жана милдеттери5.1. Кармоочу/Иштеп чыгуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
-жеке маалыматтар субъектисинен жеке маалыматтарды камтыган так маалыматты жана/же документтерди
алууга;
-субъект тарабынан берилген жеке маалыматтарды тактоого.
5.2. Кармоочу/Иштеп чыгуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте жеке
маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, алмашууга;
-жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана алмашуу маселелери
боюнча кайрылууларын кароого жана арыз берилген учурдан тартып 7 күндөн ашпаган мөөнөттө жооп
берүүгө;
-жеке маалыматтар субъектисине анын жеке маалыматтарына акысыз кирүү мүмкүндүгүн берүүгө;
-жеке маалыматтар субъектисинин кайрылуусуна байланыштуу жеке маалыматтарды актуалдаштыруу
боюнча чараларды көрүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке маалыматтарды коргоону
уюштурууга.
5.3. Кармоочу/Иштеп чыгуучу жеке маалыматтар субъектиси кандай гана болбосун байланыш ыкмасы аркылуу
берген жеке маалыматтарды ушул Саясатка жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чогултат,
иштеп чыгат, алмашат, колдонот жана коргойт.
6. Чогултулуучу жеке маалыматтардын тизмеси6.1. Кармоочу/Иштеп чыгуучу ушул Саясаттын 2-пунктунда гана каралган максаттарда Банктык кызматтарды
алган/алып жаткан/алгысы келген Субъектилердин жеке маалыматтарын чогултат, иштеп чыгат жана алмашат.
6.2. Чогултулуучу жеке маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
-Аты-жөнү, жынысы, электрондук почта дареги, телефон номери, жүзүнүн санариптик сүрөтү, жашаган
жери, үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлөсүнүн курамы, жарандыгы, улуту, ИЖН/ИСН, иштеген жери, эмгек
акысы жана башка кирешелери, банктык картанын же башка электрондук төлөм каражатынын
реквизиттери, кызмат үчүн төлөө же которуу үчүн QR-код же штрих-код ж.б.;
-Банктын кызматтарын алууда автоматтык түрдө берилүүчү маалыматтар: IP-дарек, cookie файлдары,
жеткиликтүүлүк ишке ашырылган мобилдик түзмөк жөнүндө маалыматтар, мобилдик түзмөк тарабынан
жөнөтүлгөн GPS маалыматтары ж.б.;
-Сиз жүктөгөн файлдар жана сүрөттөр;
-Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамында аныкталган башка жеке
маалыматтар.
6.3. Кармоочу чогултулган, иштеп чыгылган жеке маалыматтардын мазмунунун жана көлөмүнүн чогултуу,
иштеп чыгуу, алмашуу боюнча билдирилген максаттарына шайкештигин камсыз кылат жана зарыл болгон
учурда, ушул Саясаттын 2-пунктунда каралган билдирилген максаттарга карата алардын ашыкчалыгын жоюу
боюнча чараларды көрөт.
6.4. Жеке маалыматтардын тизмектери жана жеке маалыматтар субъектилеринин категориялары ушул Саясатка
өзгөртүүлөрдү милдеттүү түрдө бекитүү жана жеке маалыматтар субъектилерине ар кандай жеткиликтүү ыкма
менен (расмий сайт, кулактандыруу, push-билдирүү, смс-билдирүү, электрондук почтага билдирүү жөнөтүү
ж.б.) кабарлоо аркылуу Кармоочу тарабынан кайра каралышы мүмкүн.
7. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун тартиби жана шарттары7.1. Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгуу төмөнкү ыкмалар менен
жүргүзүлөт:
-Аралаш
7.2. Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлүүчү жеке маалыматтарды иштеп чыгуу өзүнө жеке
маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөттөө, өчүрүү жана жок кылуу
максатында автоматтык каражаттар менен же автоматтык каражатсыз ыкмаларга карабастан аткарылуучу ар
кандай операцияларды же операциялардын топтомун камтыйт.
7.3. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жеке маалыматтар субъектисинин
макулдугун (мындан ары – Макулдук) алуу шартында ишке ашырылат, мыйзамдарда белгиленген учурларды
кошпогондо, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу мындай Макулдуксуз ишке ашырылышы мүмкүн.
7.4. Жеке маалыматтар субъектисин кабарландыруу ыкмалары:
-смс
-мессенджер аркылуу
-электрондук почта аркылуу
7.5. Жеке маалыматтар субъектиси анын жеке маалыматтарын берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аны жазуу
жүзүндө кагаз түрүндө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган
электрондук документ түрүндө берет.
7.6. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууну токтотуунун шарты жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаттарына
жетүү, жеке маалыматтарды актуалдаштыруу, ошондой эле жеке маалыматтарды укук ченемсиз иштеп чыгууну
аныктоо болушу мүмкүн.
7.7. Кармоочу/Иштеп чыгуучу жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу болгондо, иштеп чыгуу
максаттарына жетүү үчүн жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу, эгерде маалыматтарды
алуучуга бул маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо милдети жүктөлсө.
7.8. Кармоочу/Иштеп чыгуучу жеке маалыматтарды иштеп чыгууда жеке маалыматтарды укук ченемсиз же
кокусунан аларга кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, берүүдөн, жайылтуудан,
ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка укук ченемсиз аракеттерден коргоо үчүн зарыл болгон укуктук,
уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт же көрүүнү камсыз кылат.
7.9. Жеке маалыматтар аларды чогултуу максаттарын аткаруу үчүн зарыл болгондон узак сакталбашы керек.
Сактоо мөөнөттөрү жеке маалыматтар субъектисинин кызыкчылыгында гана, же эгерде бул Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган болсо, узартылышы мүмкүн.
8. Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу, оңдоо, өчүрүү жана жок кылуу, жеке маалыматтарсубъектилеринин жеке маалыматтарга кирүү боюнча суроо-талаптарына жооптор8.1. Жеке маалыматтардын анык эместиги же аларды иштеп чыгуунун укук ченемсиздик фактысы ырасталган
учурда, жеке маалыматтар Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан мындай жеке маалыматтарды чогултуунун,
сактоонун жана иштеп чыгуунун мыйзамдуулугуна жараша актуалдаштырылууга, бөгөттөлүүгө же жок
кылынууга тийиш, же аларды иштеп чыгуу тиешелүү түрдө токтотулууга тийиш.
8.2. Жеке маалыматтардын анык эместиги же аларды чогултуунун, иштеп чыгуунун укук ченемсиздик
фактылары боюнча жеке маалыматтар субъектиси түздөн-түз Кармоочунун дарегине, же Жеке маалыматтар
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
8.3. Жеке маалыматтар субъектисинин жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча Кармоочу/Иштеп чыгуучу
төмөнкү маалыматты чагылдыруу менен жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча өзү
жүзөгө ашырган маалыматты билдирүүгө милдеттүү:
-Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана берүү фактысын
ырастоо;
-жеке маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун жана алмашуунун укуктук негиздери жана максаттары;
-Кармоочу/Иштеп чыгуучу тарабынан колдонулуучу жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана
берүү максаттары жана ыкмалары;
-Кармоочунун аталышы жана жайгашкан жери, жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүгү бар же жеке
маалыматтар массивин Кармоочусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде же мыйзамдын негизинде жеке
маалыматтар берилиши мүмкүн болгон жактар (кармоочунун кызматкерлерин кошпогондо) жөнүндө
маалыматтар;
-тийиштүү жеке маалыматтар субъектисине тиешелүү чогултулуучу, иштеп чыгылуучу жана берилүүчү
жеке маалыматтар, аларды алуу булагы;
-жеке маалыматтарды иштеп чыгуу мөөнөттөрү, анын ичинде аларды сактоо мөөнөттөрү;
-жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарды актуалдаштыруу, бөгөттөө жана жок кылуу
маселелери боюнча өз укуктарын ишке ашыруу тартиби;
-ишке ашырылган же болжолдонгон трансчек аралык маалыматтарды берүү жөнүндө маалымат.
8.4. Эгерде субъект суралган маалыматка жеткиликтүүлүк укугуна ээ болбосо, анда ага жүйөлүү баш тартуу
жөнөтүлөт.
8.5. Сактоо мөөнөтү аяктагандан жана жеке маалыматтарды чогултуу максаттарына жеткенден кийин, алар эки
жуманын ичинде жок кылынууга тийиш. Жок кылуу акт менен ырасталат, анын көчүрмөсү жеке маалыматтар
субъектисине анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн.
9.Жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо боюнча коопсуздук чаралары9.1. Кармоочу/Иштеп чыгуучу Сиздин жеке маалыматтарыңызды уруксатсыз кирүү, өзгөртүү, ачыкка чыгаруу
же жок кылуу аракеттеринен, ошондой эле тиешеси жок башка түрдөгү колдонуудан коопсуздугун жана
коргоону камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды тийиштүү түрдө камсыз кылууга милдеттүү.
9.2. Банктын Сиздин жеке маалыматтарыңызды коргоо боюнча сунуштары:
-Банктын кызматкерлерин кошо алганда, бөтөн адамдарга логинди, паролду жана башка жеке
маалыматтарды ачыкка чыгарбоо;
-эгерде тиешелүү коргоо камсыздалбаса, өзүңүздүн логиниңизди жана паролуңузду жана башка купуя
маалыматтарды жеткиликтүүлүк түзмөктөрүндө (жеке компьютер, уюлдук телефон ж.б.) же башка
корголбогон алып жүрүүчүлөрдө, анын ичинде кагаз түрүндө сактабоо;
-мезгил-мезгили менен паролду атайын символдорду жана цифраларды колдонуу менен жогорку
деңгээлдеги коргоого өзгөртүү;
-жеке маалыматты (паспорттук маалыматтар, электрондук почта дареги жана башка маалыматтар) бөтөн
адамдарга ачыкка чыгарбоо;
-эсеп боюнча каталарды же уруксатсыз операцияларды көзөмөлдөө үчүн операциялардын тарыхын жана
көчүрмөлөрдү үзгүлтүксүз текшерип туруу, уруксатсыз операциялардын бардык учурлары жөнүндө
токтоосуз Банкка билдирүү;
-онлайн-операцияларда жана жеке маалыматты берүүдө интернет-банкингдин жана Банктын башка
кызматтарынын туура веб-баракчасы колдонулуп жатканына ынануу, алдамчылык максатында түзүлгөн
жасалма веб-баракчалардан сактануу, веб-баракчанын URL дарегин түздөн-түз интернет-браузерге
киргизүү жана башка ишенимсиз баракчаларга багыттоодон же шилтемелерден качуу;
-электрондук операцияларды жүзөгө ашыруу процессинде берилүүчү маалыматты автоматтык түрдө
шифрлеген же коддогон программаны колдонуу, өзүңүздүн жеткиликтүүлүк түзмөгүңүздү (жеке
компьютер, уюлдук телефон ж.б.) уруксатсыз кирүүдөн жана зыяндуу программалардан коргоо,
операциялар ишке ашырылган сайттан дароо чыгып кетүү, түзмөк кыска убакытка кароосуз калтырылган
учурда да сайтты жабуу жана операцияларды аяктагандан кийин Банктын онлайн кызматтарынан чыгууну
унутпоо.
10. Корутунду жоболор10.1. Ушул Саясатта чагылдырылбаган жеке маалыматтарды иштеп чыгууга тиешелүү бардык мамилелер
Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын жоболоруна ылайык жөнгө
салынат.
10.2. Банк ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүүлөр киргизилгенде актуалдуу
редакциясында акыркы жаңыртуунун датасы көрсөтүлөт.
Саясаттын жаңы редакциясы Саясаттын жаңы
редакциясы жарыяланган датага чейин 14 жумушчу күндөн кем эмес убакытта пландалып жаткан өзгөртүүлөр
жөнүндө милдеттүү түрдө алдын ала жарыялоо шарты менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн аны эркин
колдонууга киргизген учурдан тартып күчүнө кирет.
10.3. Ушул Саясат боюнча бардык сунуштарды же суроолорду «ЭкоИсламикБанк» ЖАКынын төмөнкү
электрондук почта дарегине билдирүү керек:
Телефон номерлери аркылуу:
- 0 (312) 900 800
- 0 (555) 900 800
- 0 (775) 900 800
- 0 (703) 900 800
- +996 555 900 800 Telergram
- +996 225 900 800 (w/a)
Дареги боюнча: Бишкек ш., Геологиялык чолок көчөсү, 17
Эгерде Сиз өзүңүздүн маалыматтарыңызды иштеп чыгуу тартиби жөнүндө арыз берүүнү кааласаңыз, жогоруда
көрсөтүлгөн даректер боюнча Банкка кайрылыңыз жана Банк Сиздин сурооңузга мүмкүн болушунча кыска
мөөнөттө жооп берүүгө аракет кылат